Сауд Арабиясынын 2 жараны кыргызстандыктарды "ажылыкка жөнөтөбүз" деп алдап, чогулган 500 миң долларды алып жок болуп кетишкен

2012-жылы Сауд Арабиясынан келген Тарих жана Абыт аттуу адамдар кыргызстандыктарга "силерди коммерциялык жол менен ажылыкка жөнөтөбүз" деген сунуш киргизишкен. Бул сунуш ошол кезде муфтият тарабынан бардык мечиттерге таратылган. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда маалымат жыйынында коомдук ишмер Талгатбек Кожогулов билдирди. 
"Бизди ошол арабиялык 2 жаран алдап кетти. Муфтий Чубак ажы Жалилов деле алардын мындай кадамга барышарын билген эмес. Ошондо коммерциялык жол менен ажылыкка барууну ниет кылган 947 киши жалпысынан 500 миң доллар чогултуп, банктардын бири аркылуу жибергенбиз. Бүгүнкү күндө 947 кишинин 60ы өтүп кетти. Биз Сауд Арабиясынын падышасы Абдуллах ибн Абдул-Азиз аль Сауддан Кыргызстанга быйыл бөлүнгөн квотадан тышкары быйылкы жылы ушул жарандардын ажылыкка барып келүүсүн ишке ашырып берүүнү суранабыз. Бизди алдагандарды кечирдик жана алардан акчаларыбызды талап кылбайбыз",- деди ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asiana
2014-09-23 13:51:43
Азыркы заманда адамдарга ишениш да кыйын болуп калды.Ажыга алып барабыз десе эле шап карматып койугонун.сабак болду бир чети.Шайтан бош турбайт экен ,кайсы жерден кемчилик байкап калса уктатып кетип.
0
Мэри
2014-09-23 14:01:52
500 миң доллар аз акчабы? Ашкере кечиримдүү болуп кетишкен го...
-2
kuba.kq8705
2014-09-23 15:57:40
eldin ak4asyda ke4irip koiotta
+1
OTYPBARATYPELEEE
2014-09-23 17:39:15
Алдатып жиберген сон кечирбеске чара барбы? :-) Ал шумшукторду кармай албастарына коздору жетип анан оздорун оздору ушундай кылып соз менен болсун жооткотуп-алаксытышты арга жок. :-)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан