Бүгүн, 23-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрынын алдында Облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен мамлекеттик тилдин 25 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленип жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу жыйынга Жалал-Абад ОИИБинин башчысынын орун басары Ибрагим Шатманалиев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси Нургазы Нармырзаев жана шаардагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары катышты.
Анда милиция кызматкерлери мектеп окуучуларына атайын техниканын жана коргонуу каражаттарынын түрлөрүн көрсөтүштү. Андан тышкары концерттик иш-чара да уюшулган.