Талас районунда жүргөн үшүктөн улам келтирилген чыгым такталып жатат

21-сентябрга чейин Талас районунда -7 градуска чейин суук болуп, үшүк жүргөн. 15-сентябрдан бери уланып келген сууктан улам Талас районунун жогорку жагындагы айылдарда үшүк жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бекмолдо, Өмүралиев айылдарында жана Жерге-Тал, Кара-Суу, Каба айыл өкмөттөрүндөгү төө буурчактар башка райондорго салыштырмалуу кеч бышат. Аталган айылдарда төө буурчак кеч бышкандыктан, дыйкандар түшүмдү жаңы гана жыйнап башташкан. Үшүк жүргөн аймактарды Райондук айыл чарба департаментинин өкүлдөрү да көрүп чыгышты. Учурда келтирилген чыгым такталып жатат. Болжол менен алганда, үшүк жүргөн аймактардагы төө буурчактын 30 пайызы жараксыз болуп чыгышы мүмкүн.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан