Бишкек шаарындагы Ленская көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылды. Мэриянын билдиришинче, аталган көчө аркылуу Чоң Чүй каналын кесип өткөн көпүрөнү капиталдык оңдоодон өткөрүү зарыл. Буга байланыштуу тендер жарыяланып, тийиштүү компания менен келишим түзүлдү. Иш башталганына байланыштуу көчө бүгүн, 23-сентябрда саат 17:00дө жабылды.