Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго “Кыргыз тили” төш белгиси ыйгарылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 23-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 23-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңешинин, министрликтердин, агенттиктердин, мамлекеттик мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышышты. Салтанаттуу иш-чарада КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов сөз сүйлөп, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго Улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгисин тапшырды.
“Кыргыз Республикасында иш кагаздарды 100 пайыз мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жаткан бир гана министрлик бар – ал Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Бул министрлик биринчилерден болуп өзгөчө кырдаалдар боюнча сөздүк чыгарган”,- деди Э.Эрматов.