Бишкекке расмий иш сапары менен Түркиянын улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз келди

Бишкекке Түркиянын улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз расмий иш сапары менен келди. Муну Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан бүгүн, 24-сентябрда билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушууларда эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгына тийиштүү маселелер талкууланып, бир катар макулдашууларга кол коюлмакчы. Түркиялык министр КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев менен жолугушуу өткөрө турганы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан