Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрынан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга берилүүчү жөлөк пулдун суммасы 705 сомго чейин артат. Учурда жөлөк пулдун суммасы 640 сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
“Республикалык бюджеттин тартыштыгына карабай бул демилге өкмөт тарабынан колдоо тапты” деп кошумчалашат министрликтен.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында 115 миң үй-бүлө балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлө катары катталып, жөлөк пул алышат.