Ош шаарында мектептин аймагында курулуп жаткан футболдук аянтчанын мыйзамсыз экени аныкталды

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштардын саны арбын. Бул ирет шаардагы С.Киров мектебинде жеке ишкерлер тарабынан курулуп жаткан футболдук аянтча да мыйзамсыз экенин Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын орун басары Муктар-Али Шамшиев тастыктады.

Анын айтымында, аталган башкармалык тарабынан курулушка уруксат берилген эмес: "Бул футболдук аянтча биздин уруксатыбызсыз курулуп жатат. Ал окуу жайга тийиштүү жерде курулуп жаткандыктан, уруксат кагаздарын алып келүү боюнча эки жолу билдирүү жөнөткөнбүз".

Бул курулуш иштери боюнча вице-мэр Жапар Ормонов"Бул курулуш мыйзам жолунда курулуп жатат. Ошондуктан аянтчага жергиликтүү бийликтен 150 миң сом бөлүп бергенбиз”,- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
azema9
2014-09-24 16:52:55
курулуп жаткан стадион келечек учун тынч койгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан