Эрнест Абдыжапаров, Гүлсүн Мамашева, Актан Исабаев жана башка маданият өкүлдөрү Алтынбек Максүтовду колдоп чыгышты

Бүгүн, 24-сентябрда маданият кызматкерлери КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер болуп жаткан Алтынбек Максүтовду шайлап беришин сурап маалымат жыйын өткөрүштү.

Алардын айтымында, Алтынбек Максүтов - маданият министрлигине татыктуу талапкер.

Жыйынга маданият ишмери Юлдаш Нурматов, режиссёрлор Нурлан Асанбеков, Эрнест Абдыжапаров, Темир Бирназаров, КРнын Эл артисттери Сардарбек Жумалиев, Гүлсүн Мамашева, актёр Марат Амираев, КРнын Эмгек сиңирген артисти Актан Исабаев жана башка чыгармачыл инсандар катышты.

КРнын Эл артисти Гүлсүн Мамашева: “Алтынбек - маданият үчүн табылга. Филармонияда иштеген жарым жылда чыгармачыл бурулушка алып келди. Биз ага чоң ишеним көрсөтүп жатабыз, ошондуктан депутаттар маданият министри кылып Алтынбекти шайлап беришин суранып, бардык маданият өкүлдөрү колдоп келдик”,- дейт.

Ошондой эле Алтынбек Максүтовду 99 пайыз өнөр ээлери колдошорун билдиришти. 

Алтынбек Максүтовду колдогон маданият өкүлдөрү өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге кат жөнөтүштү: “Алтынбек Максүтов 25 жыл өнөр чөйрөсүндө жасаган эмгектери, режиссёрлук иштериндеги креативдүүлүк, эң жогорку деңгээлдеги иштөө ыкмаларын кароо менен замандашыбыздын келечекке таштаган арышы биз менен чогуу деп терең ишенебиз. Өзгөчө белгилей кетсек, Максүтовдун кыргыз элинин маданиятын, үрп-адат, салт-санаасын өнүктүрүү менен бирге Кыргызстанда жашаган бардык элдердин маданиятын дүйнөгө алып чыгуу максаты бизди толук канааттандырат. Максүтов КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин кызматын аткаруу менен кыргыз элинин маданиятынын өнүгүп-өсүшүнө чоң салым кошот деген ишенимдебиз”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kamarik
2014-09-24 12:31:34
туура.эмгеги коп и еше кочмондор ойунунла ат чаап жургон
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан