Кечээ, 23-сентябрда КРнын Акыйкатчысынын аппаратында "Мамлекеттик тил" мыйзамынын кабыл алынганынын 25 жылдыгына карата кызматкерлердин арасында сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сынак мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында уюштурулган. Суроолор мамлекеттик тилдин ар кайсы тармагы боюнча берилген: сөздөрдүн синонимдерин табуу, сөздөргө жөндөмө мүчөлөрүн улоо, айрым макалдарды толуктоо, ошондой эле күндөлүк иш процессинде колдонулуучу терминдердин расмий аталыштарынын кыргыз тилиндеги варианттарын табуу.
“Кызматкерлер үчүн 12 айдын аталышын мамлекеттик тилде ирети менен атоо кыйынчылык жаратты. Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер жазуу түрүндө суроолорго жооп беришти. Жыйынтыгында мамлекеттик тилди мыкты билген адистер КРнын Акыйкатчысынын буйругу менен ар кайсы даражадагы дипломдор менен сыйланышты”,- деп билдиришти басма сөз кызматынан.