Кыргызстандык аскерлер Германияда өтүүчү “Талаа бүркүтү-2014” машыгууларына катышат

КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 6 аскерден турган ыкчам тобу Германияда өтүүчү “Талаа бүркүтү-2014” тынчтыкты сактоочу тактикалык машыгууларына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 25-сентябрдан 16-октябрга чейин Хоэнфелс шаарында өтөт. Анда Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Улуу Британиянын аскерлери катышмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан