Кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Мамлекеттик мүлк фонду бул жылы дыйкандардан 20 миң тонна буудай сатып алат. Буудайдын бир килограммы 15 сом деп бекитилген. Бүгүнкү күнгө карата эгин Жалал-Абад облусунан (85 тонна), Ош облусунан (100 тонна) жана Чүй облусунан (366 тонна) кабыл алынды. Сатылып алынган буудайдын сапаты талапка жооп берет. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Экспертиза борборунун кызматкерлери тарабынан “Кант-Дан-Азык” жана Москва районундагы “Агропромсервис” менен Кара-Балтадагы “Дан” ишканаларынын даны текшерилди. Натыйжада алардын даны бардык нормаларга жооп берери аныкталды.