Москвадагы Жазуучулар үйүндө кыргыз жазуучусу, Кыргызстандын Жазуучулар союзунун мүчөсү, Орусия Федерациясынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери Муса Мураталиевдин “Мигранттардын жортуулу” аттуу китебинин бет ачары болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.
Иш-чарага Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери, орусиялык жана кыргызстандык жазуучулар, искусство өкүлдөрү катышышты.
Катышуучулар Муса Мураталиев орус адабиятына миграция темасындагы көйгөйлөрдү ачып берүүдө ийгиликтүү жана активдүү иш алып барып жатканын белгилешти. Буга чейин ал бул көйгөйгө байланыштуу “Идол жана Мария”, “Тоска по огню” аттуу чыгармаларын жазган.