Бүгүн, 24-сентябрда КРнын мамлекеттик резиденциясында КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев Түркиянын улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз менен жолугушуу өткөрүүдө.
Аталган штабдын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда кыргыз-түрк эки тараптуу аскердик кызматташуусунун бир катар маселелери талкууланып жатат. Мындан тышкары КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун инфраструктурасын куруу жана анын материалдык-техникалык базасын камсыздоо, мындан ары окутуучуларга жана кеңешчилерге колдоо көрсөтүү тууралуу маселени дагы козгоп өтүшөт.
Бул маселелердин жүзөгө ашырылышы үчүн эки тараптын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабдарынын иш-аракети, камсыздоо жана натыйжалуу башкаруу боюнча адистердин биргелешкен жолугушууларын уюштуруу жөнүндө сунуштар киргизилет.