Кара-Балта шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга концерт уюштурулат

25-сентябрда Кара-Балта шаарында “Мен бармын. Мен өзүмдүн укугумду билем" аттуу акция өткөрүлөт. КРнын Социалдык өнүктүү министрлигинен билдиргендей, иш-чара Чүй облусунда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Ага балдар үйүндө жана адистештирилген бала бакчада тарбияланган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 500дөн ашуун бала катышат. Балдар цирк артисттери жана эстрада ырчыларынын концертине күбө болушат.

Иш-чарага КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов, БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын Кыргызстандагы өкүлү Александр Аванесов, бейөкмөт уюмдардын, жарандык коомдун жана маданияттын өкүлдөрү катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан