Бүгүн, 24-сентябрда КРнын Мамлекеттик резиденциясында КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев Түркиянын улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чаранын соңунда А.Алымкожоев журналисттерге маалымат берди. Анын айтымында, Түркия Кыргызстанга 1999-жылдан бери жардам көрсөтүп келет. “Мындан ары да түрк тарап биз менен кызматташууга даяр экендигин билдирди. Түркиянын эли өз тарыхында согуштарга көп катышып келген: кээде өз аймагын сактап, кээде экстремисттик күчтөргө каршы согушкан. Ошондуктан Түркия эли аскерликке жакын. Биз бул мамлекеттин жардамын жогору баалайбыз”,- деди Алымкожоев.
Мындан тышкары Алымкожоев Түркиянын улуттук коргоо министри И.Йылмаз бүгүнкү иш сапарынын жүрүшүндө КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев, КРнын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев менен жолугушууларды өткөргөндүгүн белгиледи.