Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттар “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзамды күчүнө киргизүү боюнча маселени көтөрүштү. Депутат Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, 2014-жылдын июнь айында парламент бул мыйзамды кабыл алган. “Ушул жылдын 1-октябрында өкмөт жаныбарларды идентификациялап башташы керек. Өкмөт буга даярбы?”- деп сурады.
Бул суроого биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев: “1-октябрда жаныбарларды идентификациялоо боюнча тендерди жарыялап, тиешелүү иш-чараларды өткөрүүгө даярбыз”,- деп жооп берди.