Катар мамлекетинин баскетбол боюнча кыз-келиндер курама командасы кечээ, 24-сентябрда “Инчхон-2014” Азия оюндарынын алкагында кезектеги оюнга хиджабды чечип чыгуудан баш тартты. Эл аралык баскетбол федерациясынын жоболоруна ылайык, баскетбол ойноодо хиджаб чечилиши керек. Башка спорт түрлөрүндө мындай чектөө жок. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, баскетболчулар тыюу салынган эрежени мусулман аялдарына болгон басмырлоо саясаты деп баалап, мындай шарттан баш тартышты.
Кошумчалай кетсек, уюштуруучулар бул кырдаал боюнча ыкчам чара көрүп, Катардын курамасынын Монголия менен болгон беттешин болтурбай койду. Катар тарап алдыда боло турган Непал, Казакстан жана Гонконгго каршы оюндарга чыгар-чыкпасы тууралуу маалымдай элек.