Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумуна КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын 1-2-курсунун студенттери катышууда. Депутаттар аларды жыйынга келиши менен куттукташты. Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков аларга кайрылып, окуусуна ийгилик каалады. Студенттер SUPER.KG порталына билдиришкендей, бүгүнкү иш-чарага мыкты окугандар жана тайпалардын старосталары келишти. “Бул жакка биринчи жолу келишибиз. Жогорку Кеңештин ишин өз көзүбүз менен көрүп жатканыбызга абдан кубанычтабыз”,- дешти студенттер.