Биз социалдык тармакта

Алматы шаарында Кыргыз тили күнү белгиленди

Казакстандын Алматы шаарында “Мурас” кыргыз этномаданият бирикмеси Кыргыз тили күнүнө карата иш-чара өткөрдү. “Замандаш” ассоциациясы бүгүн, 25-сентябрда билдиргендей, иш-чарага Алматы шаарында жашаган кыргыздар катышышты. Алар кыргыз тилинде даярдалган баяндамаларын окушуп, өз тилинде ырдап концерт беришти. Аталган бирикменин жетекчиси Руслан Мамыров: “Ар бир дем алыш күнү бул борбордо кыргыз тили боюнча сабак өткөрүлөт. Мындан тышкары балдарга улуттук аспаптарда: комуз, ооз комуз жана чопо чоордо ойноонун ыкмалары үйрөтүлүп турат. Кыргыз диаспоралары ай сайын чогулушуп, кыргыз маданиятын жана салтын жайылтуу максатында шерине уюштурушат. Биздин эң башкы максатыбыз - улуттук өзөгүбүздү жоготпоо”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
datkaaiym
2014-10-02 11:09:01
баракелди!!азаматтар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан