Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүн белгилөө майрамына карата кыргыз-кытай чек арасы жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 25-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 29-сентябрдан 8-октябрга чейин “Торугарт-унаажол”, “Эркеч-Там-унаажол” өткөрүү бекеттери жабылат. Өткөрүү бекеттери 9-октябрда ачылат.