Алай районунда кутурма оорусу катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 21-сентябрь күнү аталган райондун Жаңы-Алай айыл аймагында кутурма оорусуна шектелип бир жылкынын башы кесилип, Ош облустук ветеринардык лабораториясына жөнөтүлгөн. 23-сентябрь күнү №38-корутундунун негизинде кутурма оорусу аныкталган. Жылкынын эти өрттөлүп, ветеринариялык эрежелерди сактоо менен көмүлгөн. Бүгүнкү күндө контактта болгон 10 адам медициналык көзөмөлдөн өтүштү.