Бүгүн Бишкекте бал жарманкесинин ачылыш аземи болду

Бүгүн, 26-сентябрда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын капталында эки жылдан бери өткөрүлүп келген бал жарманкесинин салтанаттуу ачылыш аземи орун алды. Аземде оюн-зоок уюштурулуп, ага активдүү катышкандарга белектер тапшырылды. Ошондой эле артисттер, бийчилер өнөрлөрүн көрсөтүштү. Эң башкысы, жарманкеге келгендер бал продукцияларынан даам сызышты.

Уюштуруучулар билдиргендей, жарманкенин башкы максаты - элге сапаттуу жана табигый балдарды бал челекчилердин колунан сатып алууга шарт түзүп берүү.

Белгилей кетсек, жарманке 5-октябрга чейин уланат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aykyz
2014-09-26 16:20:37
Былтыр да бул жарманкеден толтура бал алып кайттым эле
http://www.super.kg/kabar/news/28687/
+1
Мэри
2014-09-26 16:31:31
Ой-ий, сонун го! Ушинтип эле эмгек кайнап, береке жайнап ))), элибиз ак эмгек кылып, элде тынччылык, токчулук болуп турсунчу!
+1
Lavanda
2014-09-28 21:59:02
Урматтуу супер инфо!Кийинки жылдагы жарманкеге катышыш үчүн кайда, кимге кайрылыш керек.Себеби атамдын да бал чарбачылыгы бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан