Талас шаарында бүгүнкүгө белгиленген жаштардын курултайы болбой калды. Бул тууралуу ИИМден бүгүн, 27-сентябрда билдиришти.
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, чогулуш бүгүн саат 10:00гө Талас шаарындагы облустук администрациянын алдына белгиленген. Бирок ага уюштуруучулардан 20га жакын гана адам келген. Мындан улам саат 11:00гө жетпей чогулуштун уюштуруучулары тарап кетишкен.
Айта кетсек, бүгүн Талас шаарында “Жаңы муун” кыймылынын мүчөлөрү чогулуп, курултай өткөзүшмөк. Анда өлкөдөгү саясий абал, баалардын жогорулашы талкууланмак.