Бүгүн, 27-сентябрь күнү саат 10:00дө жаштардын курултайы болмок. Бирок ал болбой калды. Ички иштер министрлиги курултайга эч ким келбегенин, бир гана уюштуруучулардан 20га жакын адам келгенин айткан эле. Ал эми бүгүнкү курултайды уюштуруучулардын бири Мавлян Аскарбеков өздөрү эле 40ка жакын экенин, жергиликтүү тургундардан да келгенин айтты.
“Бүгүн Талас шаарынын борборунда жаштардын курултайы болмок. Жыйын жаңы эле башталарда губернатордун биринчи орун басары чыгып, журналисттерге мыйзамсыз, Конституцияга каршы келген чакырыктарды, сөздөрдү айтып, бизди коркута баштады. Анан күн чыгыш тараптан 200гө жакын спорт формасын кийген чала бандиттер биз тарапка келе баштаганда, ошол жерде кандайдыр бир кагышуу болуп кетпесин деп басып кеттик. Милиция кызматкерлеринин бири дагы тынчтыкты сактоого аракет кылган жок. Андан тышкары спортчу балдар тапанча, бычактар менен бизди айланчыктап жүргөнүн ошол жердеги журналисттер айтышты. Азыр дагы артыбызда эки унаа бизди акмалап жүрөт. Же бандит, же милиция экенин билбейбиз”,- деди "Жаңы муун" кыймылынын өкүлү Мавлян Аскарбеков SUPER.KG порталына.