Бишкекте карылар интернатында мамлекеттик тилдин 25 жылдыгы белгиленип, орус улутундагы карылар кыргызча ырдашты

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы карылар үйүндө мамлекеттик тилдин 25 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Ага аталган мекеменин жетекчилиги, кызматкерлери, иш-чаранын демөөрчүлөрү, райондун тургундары жана ушул интернатта жашаган карылар катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө 4 топко бөлүнгөн карылар өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, конокторго көңүлдүү маанай тартуулашты. Кээ бири ырдап, бийлеп, айрымдары музыкалык аспаптарда жагымдуу обондорду созушту. Иш-чара мамлекеттик тилдин 25 жылдыгына карата өткөрүлгөндүктөн, айрым орус жана башка улуттагы карылар кыргыз тилинде ырдап, кыргыз бийлерин бийлешти.

Биринчи Май районундагы карылар үчүн интернат-үйүнүн башчысы Эркингүл Абдылдаеванын айтымында, бул мекемеде 200гө жакын кары жашайт. “Бүгүнкү майрам биз үчүн өтө маанилүү. Буга чейин да бир топ ушундай иш-чараларды өткөрүп келгенбиз. Мындан карылар жакшы таасир алышат”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан