Бишкекте 90 жаштан ашкан 152 пенсионерге материалдык жардам берилет

Бишкектин Ленин райондук акимчилиги бүгүн, 30-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Карылар күнүнө арналган иш-чара өткөрөт. Салтанаттуу кечеге аталган райондон 586 адам: 50, 60 жыл бирге жашаган алтын жана бриллиант тойлорун өткөргөн карылар, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Ленинград блокадасынын катышуучулары чакырылды. Мэриянын билдиришинче, мындан тышкары 145 жалгыз бой пенсионерге жана 90 жаштан ашкан 152 карыга материалдык жардам көрсөтүлөт. Иш-чараны өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 552 миң сом бөлүнүптүр. 

Маалыматка таянсак, Ленин районунун Социалдык фондунда 16 791 пенсионер катталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан