Бүгүн, 30-сентябрда Бишкекте мамлекеттик резиденцияда Соттук реформа боюнча кеңештин отурумунун жүрүшүндө адистер Кылмыш-жаза кодексинен “Мунапыс жөнүндө” мыйзамды алып салууну сунушташты.
Аталган кодекске өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан эксперттик топтун мүчөсү Лейла Сыдыкова: “Кылмышкерлер мунапыс аркылуу эркиндикке чыгышып, кайра кылмыштарды жасап жаткандыгын байкап жатабыз. Мунапыстын максаты эркиндиктен ажыратуучу жайларды бошотуу гана болуп саналат. Жаза адилеттүү болушу керек”,- деди ал.
КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев аталган сунушту Жогорку Кеңеш октябрдын соңунда карап чыгарын журналисттерге билдирди.