Бишкекте элдин экологиялык маданиятын жогорулатууга багытталган "Экобаштык-2014" фестивалы өтөт

4-октябрда Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде борбор шаарда 3-ирет уюшулуп жаткан “Экобаштык-2014” фестивалы болот. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара шаардын тургундарынын көңүлүн экологиялык маселелерге бурууга, шаарды пластик таштандылардан арылтууга багытталат. “Шаардын бардык тургундарын бул иш-чарага катышууга чакырабыз. Биздин максат - элдин экологиялык маданиятын жогорулатуу, Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу”,- деп билдирди уюштуруучулардын бири Алмагүл Осмонова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мэри
2014-09-30 17:23:01
Ушунун алкагында ишембилик өткөрүп, шаарды таштандыдан бир арылтып коюшса сонун болор эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан