3-октябрда Кант шаарында Кызылча-талаа күнү өткөрүлөт. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, быйыл республика боюнча 8 миң гектарга жакын аянтка кант кызылчасы айдалган. Иш-чара айыл чарба тармагындагы инновациялык технологияларды ишке ашыруу максатында уюшулууда. Дыйкандар тажрыйбаларын ортого салып, кызылчаны казып-жыйноо иштерин заманбап техникалардын жардамы менен кыска мөөнөттө бүтүрүүнүн жолдорун үйрөнүшөт. Өлкөдө комбайндар аз, түшүм негизинен кол күчү менен жыйналат. Бул күнү Түркияда жасалган кант кызылчасын казып, жыйноочу комбайн иш жүзүндө көрсөтүлөт.