Бишкек шаарынын 136 жылдыгын белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чараларды уюштуруу комитети түзүлдү. Майрамга карата шаардын борбордук көчөлөрү жана борбордук "Ала-Тоо" аянты жасалгаланат. Шаардыктарга район аймактарында концерттик программалар тартууланып, Эмен сейил багында спорттук мелдештер орун алмакчы. Мэрия билдиргендей, бул күнү "Тез жардам" кызматы, Өрт өчүрүү кызматы иш-чаранын коопсуздугуна көмөктөшөт. Майрамдык салтанаттар өткөн аймактарда электр жарыгы өчүрүлбөйт жана коомдук тартип көзөмөлдө болору айтылды.