Бишкек шаардык райондор аралык соту аркылуу жылуулук жана электр энергиясынын бааларын көтөрүү боюнча өкмөттүн токтомун жокко чыгарткан укук коргоочу Нурбек Токтакунов бул маселе боюнча Жогорку Сотко чейин барарын бүгүн, 30-сентябрда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, КРнын Өкмөтү коомдук угуулар эмне экенин билбейт. "Мыйзамга ылайык,
өкмөт тарифтерди көтөрүү боюнча токтомду чыгарарынын алдында коомчулукка маалымат таратып, анын пикирин угуп, макулдашыш керек болчу. Эми өкмөт аталган соттун чечимине карата даттануу арызын тапшырбайт деп ишенем. Эгер даттанса да, Бишкек шаардык соту өзүнүн намысын түшүрбөйт деп ойлойм. Албетте, бул соттун адилеттүү чечими коомчулуктун нааразычылыгын баса алат",- деди укук коргоочу.
Эскерте кетсек, кечээ, 29-сентябрда Бишкек шаардык райондор аралык соту электр энергиясынын баасын көтөрүү боюнча өкмөттүн токтомун жокко чыгарганы белгилүү болгон.