Эртең, 1-октябрдан баштап кыргызстандыктар Өзбекстанга 2004-жылкы үлгүдөгү паспорт менен гана кире алышат. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзбекстан мындан ары Кыргызстандын жарандарынын 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторун тааныбайт.
Айта кетсек, мындай чектөө 2006-жылдын 3-октябрында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрү бекиткен келишимдин 11-беренесине ылайык ишке ашууда.