25-сентябрга карата көрсөткүчтө быйылкы жылдын түшүмүнөн 14 сатып алуучу фирма аркылуу дүйнөнүн 7 өлкөсүнө 791 тонна төө буурчак экспорттолду. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда КРнын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тазаланган түшүмдүн баасы 75-78 сомду түзсө, тазаланбаганы 70 сомдон сатылууда. Кыргызстандын төө буурчагын эң көп көлөмдө алган өлкө - Түркия мамлекети. 2010-жылдын ушул маалында төө буурчактын баасы 18-22 сом (жазында 28 сомдон сатылган), 2011-жылы 28-30 сом (жазында 35 сом), ал эми 2012-жылы 30-35 сом деп бааланган (жазында 50 сомго чейин жеткен) деп кошумчалашат министрликтен.
№ |
Алган мамлекет |
Канча тонна алды? |
1 |
Түркия |
374 тонна |
2 |
Болгария |
88 |
3 |
Сербия |
176 |
4 |
Македония |
43 |
5 |
Румыния |
219 |
6 |
Босния жана Герцеговина |
22 |
7 |
Грузия |
66 |
|
Жалпысынан |
791 тонна |
Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айында чыгарылган көрсөткүчтө чет мамлекеттерге өткөн жылдын түшүмүнөн 56 112 тонна экспортко 18 өлкөгө жөнөтүлгөнү аныкталган. Анын 70,5 пайызы (же 39 538,9 тонна) Түркияга экспорттолгон.