“Электр энергиясынын кымбаттоосу боюнча сотко арыз жазуу катардагы жарандардын эмес, парламентте отурган депутаттардын иши болчу” деп билдирди бүгүн, 1-октябрда маалымат жыйынынын жүрүшүндө коомдук ишмер Манас Султанов.
Анын айтымында, электр энергиясына болгон баанын мыйзамсыз көтөрүлүүсү боюнча депутаттар тараптан сотко кайрылуу болгон эмес. Бул депутаттардын элди эмес, өзүлөрүн ойлогонунан кабар берет. “Түркмөнстанда электр энергиясы үчүн болгон баа 16 тыйын болсо, Өзбекстанда 35 тыйын. Ал эми Казакстанда эл электр энергиясы үчүн 1 сомдон 4 сомго чейин төлөйт. Биздин бийлик бул тармактагы коррупцияны жойбой туруп, элди эки ирет кыжалат кылып жатат. Же электр энергиясынын сапаты жогорулабаса, же өзүнүн анык баасы кымбаттабаса деле биздикилер бааны көтөрүп жатышат. “Бизде эң төмөн баа” деп эле элди алдай берген болбойт. Депутаттарды да бул маселеге көңүл бурууга чакырам”,- деди ал.
Кошумчалай кетсек, жакында Бишкек шаардык райондор аралык соту электр энергиясынын баасын көтөрүү боюнча өкмөттүн токтомун жокко чыгарган эле.