Бишкекте активист-студенттер карылар интернатында "Биз унутпайбыз!" акциясын уюштуруп, карыларды куттукташты

Бүгүн, 1-октябрда Карылардын эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы карылар үйүндө Архитектура, менеджмент жана курулуш боюнча колледжинин студенттери “Биз унутпайбыз!” аттуу куттуктоо акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада чакан концерт уюштурулду. Андан соң карыларга куттуктоо сөздөрү айтылып, белектер берилди. “Акцияны өткөрүүгө жана белектерди сатып алууга акча каражатты аталган колледждин студенттери чогултушкан. Буга чейин да биз бир топ ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүп келгенбиз. Мындан кийин да кызыктуу акцияларды өткөрүүнү пландап жатабыз”,- дешти уюштуруучулар.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-апрелинде Бишкек шаарынын Архитектура, менеджмент жана курулуш боюнча колледжинин студенттери Бишкектин М.Горький атындагы сейил багында өтүүчү митингде тополоң болтурбоо үчүн таштарды чогултушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан