2-октябрда Бишкектин айрым жерлерине таза суу берүү токтотулат

Бишкектин айрым аймактарына 2-октябрда ичүүчү суу берүү токтотулат. "Бишкек суу-канал" ишканасы билдиргендей, оңдоо иштерине байланыштуу бул күнү саат 9:00дөн 20:00гө чейин шаардын Логвиненко, Фрунзе, Манас көчөлөрү жана темир жол линиясы менен курчалган аймагында таза суу болбойт. Демек, Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда, №1-стоматологиялык клиникада, Мамлекеттик салык кызматында жана башка мекеме, ишканаларга суу берүү убактылуу токтойт. "Бишкек суу-канал" аталган аймакта жашагандарды таза сууну көбүрөөк камдап алууга чакырат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан