"Ысык-Көл" чек ара кошуунунун түптөлгөн күнү белгиленди

Кечээ, 1-октябрь күнү "Ысык-Көл" чек ара кошуунунун түптөлгөн күнү белгиленди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 2-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Ысык-Көл облусунун күч түзүмдөрү, кошуундун ардагерлери катышышты.

Айта кетсек, аталган чек ара кошууну быйыл өзүнүн 49 жылдыгын белгиледи. Кошуун жалпы узундугу 730 чакырым болгон мамлекеттик чек араны кайтарат. Анын 380 чакырымы Кытай Эл Республикасы менен чектешсе, 340 чакырымы Казакстан менен чектешет.

2014-жылдын 27-июнунда "Ысык-Көл" чек ара кошууну Байсары уулу Кыдырдын атын алган. Бул күнү анын айкелинин ачылышы болду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан