Кыргызстанда октябрда бензиндин баасы 3-5 пайызга көтөрүлүшү күтүлөт

Кыргызстанда октябрь айында бензиндин баасы 3-5 пайызга көтөрүлүшү күтүлөт, дизель майынын баасы өзгөрүүсүз калат. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы күйүүчү майдын баалары Орусия рыногунан түздөн-түз көз каранды, анткени бардык алып келинүүчү мунайзат Орусиядан ташылат. “Биздин божомолго ылайык, Орусиянын мунайзат рыногу турукташып, ишканалардагы баалардын өсүүсү байкалбайт. Бирок ишканалардагы баалар сентябрь айындагы эң жогорку деңгээлде калган. Учурда баалар жылдын башындагыдан 34-61 пайызга жогору”,- деди Керимкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
future_kg
2014-10-02 13:13:02
1- октябрьдан арзандайт деп журбоду беле
0
adidas.08
2014-10-02 19:08:50
"Кымбаттайт" - качанга чеин качан арзандайт деген кабар угабыз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан