Бүгүн, 2-октябрда маалымат жыйынында КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов Кыргызстанда күйүүчү май эмне себептен кымбаттап жаткандыгын түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, буга 3 негизги себеп бар. “Биринчиден, жай айларындагы баалардын кескин өсүүсүнө "Ачин" нефтти кайра иштетүүчү ишканасындагы авариялык токтотуу себеп болгон. Кыргызстанга күйүүчү май аталган ишканадан ташылбаса да, июнь айында болгон кырсыктан кийин Орусиянын ички рыногуна 600 миң тонна күйүүчү май (ишкананын бир айлык кубаттуулугу) жетпей, калган ишканалардан өндүрүлгөн продукциясынын эсебинен толукталган”,- деди Керимкулов.
Андан сырткары ал бир нече ишканалар оңдоо жумуштарына карата өндүрүү көлөмдөрүн кыскартышкандыгын да себеп катары баса белгиледи.
“Экинчиден, жаз-жай мезгилинде күйүүчү майга керектөө жогорулап, ага карата отун баалары өсүүчү сезондук фактор да өз таасирин тийгизген. Ошондой эле АКШ долларынын курсунун жогорулашы күйүүчү майдын бааларынын өсүшүнө бирден-бир себеп болгон”,- деп кошумчалады ал.