Кочкор районунда турмуш-тиричилик коопсуздук эрежелери боюнча окуу өттү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, окуу аталган райондун Сары-Булак, Төлөк, Кочкор жана Чолпон айыл аймактарында өткөн. Окутуунун максаты - калктын калың катмарына табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргонуунун эрежелерин үйрөтүү, калкка өзгөчө кырдаалдар убагында өзүн кандай алып жүрүү боюнча кеңири маалыматтарды берүү.