Бүгүн, 2-октябрда маалымат жыйынынын жүрүшүндө Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Шабдан айылынын тургуну Алтын Жанышбаева жогорку кызматтагыларды айыл жергесиндеги карыларга да көңүл бурууга чакырды.
“Жыл өткөн сайын айылда жашаган карылардын жашоо шарты кыйындап баратат. Жаштар чет мамлекеттерге иштеп келүү үчүн агылып жатышат. Ал эми карылар пенсияларына жашап, неберелери менен үйдө калышат. Бишкек шаарынын ичинде транспортто жүрүү үчүн карыларга тиешелүү жеңилдиктер каралган. Ал эми айыл жергесинде карылар мындай мүмкүнчүлүктөн пайдалана албай, жол кирелерин 100 пайызга толук төлөп жатышат. Дары-дармектерди сатып алууда да карыларга жеңилдик жок. Жогорку кызматта иштеген жарандар да кийин карыйт, ошону эске алып бизге жардам көрсөтүшсө болмок”,- деп билдирди А.Жанышбаева.