Бүгүн, 2-октябрда Ош шаарында “Сулайман тоо – тынчтыктын жана биримдиктин символу” аталышындагы фестивалдын алкагында Сулайман тоонун уникалдуулугуна арналган маданий-көңүл ачуучу жана академиялык иш-чаралар болду. Анын жүрүшүндө шаардын вице-мэри Замирбек Аскаров “Эң чоң токоч”, “Эң чоң самса” жана “Эң таттуу күрүч” номинациялары боюнча жеңүүчүлөргө баалуу белектерди ыйгарды.
Ошондой эле театралдык көрсөтүүлөр, фото жана сүрөт көргөзмөлөрү, классикалык музыканын концерти, илимий-практикалык конференциялар, жарманкелер болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Кошумчалай кетсек, “Сулайман тоо – тынчтыктын жана биримдиктин символу” аталышындагы фестиваль 6-октябрга чейин уланат.