Эртең, 3-октябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Токтогул, Орозбеков, Сыдыков көчөлөрүндө, Тынчтык проспектисиндеги №8, 10-көп кабаттуу үйлөрүндө ички үй тармактарын жана № 440, 406, 188-чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.
Саат 11:00дөн 17:00гө чейинки аралыкта Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик, Кара-Жыгач (Фрунзе, Садовая, Кондучалова, Пушкин көчөлөрүндө) айылдарында, Мраморное, Келечек, Октябрьское (Шопоков, Киевская, Күрп-Сай, Жаш Гвардия, Весёлая, Фрунзе, Шоссейная көчөлөрүндө), Виноградное, Полевое, Кайырма, Восток (Ленин, Советская, Энгельс, Мирная, 60-лет Кыргызстана, Озёрная, Степная, Сейтек, Семетей көчөлөрү жана орто мектеп), Лебединовка (Мичурин, Воточная, Северная, Чапаев, Комсомольская, Октябрьская, 8-Март, 9-Май, Пионерская көчөлөрү жана Ленин, Победа көчөлөрү), Төмөнкү Ала-Арча (Киргизская, Зелёная, Логвиненко, Новая, Коллекторная, Логвиненко туюк көчөсү) айылдарында электр энергиясы болбойт. Жайыл районунун Сары-Булак, Моңолдор айылдарында, "Эркин" базарында, Кара-Балта (Первомайская, Олимпийская, Фрунзенская көчөлөрү) шаарында, Кант районуна караштуу Новопокровка (Линейная, Набережная, Советская, Киров, Фрунзе көчөлөрү) айылында, Кант (Ломоносов, Л.Толстой, Кирпичная, Ворошилов, Сакибаев, Киров, Московская, Советская, Пионерская, Абдыш Чекиров) шаарында жарык өчүрүлөт.