Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Карылар күнүнө карата көп жылдан бери окуу жайда эмгектенип, алгылыктуу салымын кошуп келген мугалимдер сыйланышты. Бул тууралуу окуу жайдан бүгүн, 3-октябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, ардагерлер арасында жашы 75ке келип, агартуу тармагында 50 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип келген Светлана Майсеева да болду. Ардагерлерге акчалай сыйлыктар ректорат жана окуу жайдын кызматкерлери тарабынан ыйгарылып, чакан концерт менен коштолду.