7-октябрда аскердик кызматты өтөөгө чакырылгандарды узатуу митинги өтөт

7-октябрда республиканын жыйын түйүндөрүнөн мөөнөттүү аскер кызматын өтөөчүлөрдү кызмат кылуучу жайларына жана Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын кошуундары менен аскер бөлүктөрүнө жөнөтүү башталат. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда аталган штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, күзгү аскерге чакыруу иши үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин созулат. Салтанаттуу митингге Генералдык штабдын жетекчилиги, Коргоо министрлигинин Борбордук ардагерлер кеңешинен, Баткен аскерлеринин республикалык кеңешинен, “Жоокерлер энелери” коомдук бирикмесинен өкүлдөр келишмекчи.

Эскерте кетсек, бул жылы мөөнөттүү аскердик кызматка 4 миңге жакын адам жана альтернативдик кызматка 7 миңге жакын жаранды чакыруу пландалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан