Ош мэриясында мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктоо салтанаты уюштурулду

Бүгүн, 3-октябрда Ош шаардык мэриясында шаардык мектептерде иштеген мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктоого арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага мэр Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мугалимдерди шаар мэри куттуктап, жаш муунду тарбиялоодо алардын эмгеги зор экенин белгиледи. Ошондой эле 58 мугалимге сыйлыктар тапшырылды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан