Бүгүн, 3-октябрда Кант шаарындагы Азиялык медициналык институттун индиялык жана пакистандык студенттери дипломдорун ала албай жаткандыгы жана ур-токмокко алынгандыгы тууралуу КРнын Акыйкатчысы Бактыбек Аманбаевге арызданышты.
Маалыматка ылайык, акыйкатчы менен жолугушууга 100гө жакын студент келип, укуктарын коргоону суранышты. Аталган окуу жайда 6 жыл окуган бүтүрүүчү Саид Сабахаттын айтымында, июнда алар мамлекеттик экзаменди тапшырып, дипломдорду алыш керек болчу, бирок кандайдыр себептен экзамендер өткөрүлбөй калды. Эми 57 бүтүрүүчү дипломдорун ала алышпай, өз мекенине барып дипломсуз иштей албай Кыргызстанда калууда. Студенттер акыйкатчыдан бул маселени чечүүнү суранышты.
Мындан тышкары алар аталган окуу жайдын кызматкери Прасант Ранжан Мисра аттуу индиялык жаран тарабынан ур-токмокко алынгандыгы тууралуу арызданышты. Студенттердин билдиришинче, ал алардан баш ийүүнү талап кылып келген. Ранжан Мисра окуу жайдын жетекчилигине карата айтылган сынды көтөрө алчу эмес. Алар муну далилдөөчү сүрөттөр жана видеожазуулар бар экенин кошумчалашты.
Бардык арыздарды угуп, акыйкатчы Б.Аманбаев мекемелер аралык комиссия түзүп, укук бузуулар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө убада берди.
Айта кетсек, Кант шаарындагы Азиялык медициналык институтта Пакистан жана Индиянын 400гө жакын жараны окуйт. 2004-жылы бул окуу жайдын лицензиясын алып салышкан болчу, бирок 2008-жылы кайтарылган.
Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Акыйкатчынын басма сөз кызматы жарыялады.