Талас, Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдүн суу чарба кызматкерлери атайын окуудан өтүштү

Суу чарба жана мелиорация департаментинде 3-октябрда Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын Суу пайдалануучулар ассоциацияларын колдоо бөлүмдөрүнүн адистерине суу пайдалануу планын жаңы ыкма менен эсептөө, сууну өлчөө жана көлөмүн аныктоо, сугаруу ыкмалары боюнча окуу өткөрүлдү. Муну Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдирди. Тренингдин жүрүшүндө сугаруу ыкмаларынын түрлөрү, алардын артыкчылыктары жана кемчиликтери, сугат жерлердин жайгашуу схемасы, ошондой эле сууну эсепке алуу жана аны өлчөөчү шаймандар тууралуу маселелер талкууланды. "Ушундай эле окутуу сентябрда Ош бассейндик суу чарба башкармалыгында Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын Суу пайдалануучулар ассоциацияларын колдоо бөлүмдөрүнүн адистерине өткөрүлгөн",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан