Бүгүн, 6-октябрга карата Бишкектеги айрым май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 54 сом 40 тыйынга чыкты. Бул көрсөткүч 3-октябрдагы баага салыштырмалуу 1 сом 20 тыйынга кымбат. АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 48 сом 8 тыйынды (үч күн мурун ушул эле баада болгон), АИ-98 54 сом 40 тыйынды (үч күн мурун 54 сом 40 тыйын), АИ-80 40 сом 90 тыйынды (үч күн мурун 41 сом 30 тыйын болчу) түздү. Дизель майынын баасы 30 тыйынга түштү. Учурда 43 сом 50 тыйындан сатылууда.